Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Мадумаров коомчулукту саясий окуяларга кайдыгер карабоого чакырды


Адахан Мадумаров.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров 17-июнда «Мен макул эмесмин» кыймылынын жыйынын өткөрүп, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал боюнча пикирин билдирди. Мадумаров элге кайрылып өлкөдөгү болуп жактан саясий окуяларга кайдыгер карабоого чакырды.

- Экс-президент азыркы президентти легитимсиз деп жарыялады. Биз сиздер менен бирге 2017-жылы президенттик шайлоону мыйзамсыз өттү деп жарыялаганбыз. Анда эмне үчүн укпадык? Ошол мыйзамда көрсөтүлгөндөн башка акча суудай агып жатканын айтпадык беле? Мен туура эмес айтып жатамбы? Эгер туура болсо үн катып койгулачы, кыргызстандыктар. Интеллигентиң же аксакалың же акын-жазуучуң үн ката албайт. Эмне болгон эл болдук? Башка мамлекеттерде туура эмес иш болсо эл чыгып акырын ордуна коюп жатат.

Адахан Мадумаров өлкөдөгү оппозициялык саясатчы. Ал буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаев менен бириге тургандыгы жөнүндө сөздөрдү төгүндөгөн. Мадумаров 2017-жылы президенттин шайлоого катышкан. «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоодо өзүнүн платформасы менен чыгаарын билдирип жүрөт. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (54)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG