Бишкекте журналисттер менен тилчи-лингвисттердин катышуусунда туура жана сабаттуу жазууну, талаштуу сөздөрдүн жазылышын талкуулаган иш-чара өтүп жатат. Жыйын талаш жараткан айрым сөздөрдү тилчилер менен талкуулап, бир чечимге келүү максатын көздөйт. Кереге кеңеш суроо-жооп иретинде «Журналист – сабат үлгүсү» деген аталат.
- Иш-чара жалпы журналисттердин сабатын арттыруу, ардагер журналисттер менен тажрыйба алмашуу, талаш жараткан айрым сөздөрдү тилчилер менен талкуулап, бир чечимге келүү максатын көздөйт. Ошондой эле учурдагы журналистиканын тилиндеги «мите сөздөрдөн» арылуу туурасында да кеп болот, - деп маалымдады Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлү Сезим Толукбаева.
Буга чейин комиссия «Сабаттуу бол» акциясын өткөрүп, ага мамлекеттик кызматкерлер да катышкан. Алардын арасында «1» жана «2» алгандар болгон. (ZA)