Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:30

Аксыда Нарын дарыясына аккан өспүрүмдү издөөгө Өзбекстан жардам берүүдө


Аксы. 18-июнь, 2019-жыл.
Аксы. 18-июнь, 2019-жыл.

Аксы районунун Үч-Коргон айылында Нарын дарыясына чөгүп кеткен 13 жаштагы кызды издөө иштерине кошуна өзбек тараптын куткаруучулары да көмөктөшүүдө. Бул тууралуу «Азаттыкка» Аксы районунун акими Ыманберди Досбаев билдирди. Маалыматка караганда, 16-июнь күнү 13 жаштардагы үч кыз суу жээгинде ойноп жатып дарыяга түшүп кеткен. Эки кыз өз алдынча суудан чыгууга үлгүрсө, үчүнчүсү чөгүп кеткен. Эки күн бою издөө иштеринен натыйжа чыккан эмес.

- Нарын дарыясы кошуна Өзбекстанга агып киргендиктен чек ара бекети менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алар да өз тарабында издөө иштерин жүргүзүүдө. Түштөн кийин биздин суучулдар да алар жакка өтүп, иш алып барышат, – деди Досбаев.

Быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда 40 адам сууга чөгүп каза болгон. Алардын ичинен 12 жашка чейин 15 бала болсо, 8и өспүрүмдөр. (RsK)

XS
SM
MD
LG