АКШнын Коргоо министрлиги Украинанын армиясын жакшыртууга 250 миллион доллар берүүнү көздөп турат. Жардамдын соңку бөлүгү деңиз жана жөө аскерлерин машыктырууга, курал-жарак менен камсыз кылууга жумшалмакчы. Бул тууралуу Пентагондун 18-июндагы билдирүүсүндө айтылат.
Куралдын тизмесинде көзгө атар мылтык, гранатомет, радарлар, караңгыда колдонулчу жана башка аскердик жабдыктар бар.
Ушуну менен АКШ 2014-жылдан Украинага 1,5 миллиард долларлык аскердик жардам берген болот.
Донбасста өкмөттүк армия менен орусиячыл жикчилердин ортосундагы куралдуу жаңжал 2014-жылдын апрель айынан бери 13 миңдей кишинин өмүрүн кыйды. Москва жикчилерге аскердик, экономикалык, саясий колдоо көргөзүп келе жатат. Батыш өлкөлөрү Донбасстагы кырдаал жана Крымдын аннексиясы үчүн Орусияга каршы санкция киргизген.