Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Малайзиялык учакты атып түшүрүүгө шектүүлөрдүн аты аталат


Учактагы 298 адамдын баары мүрт кеткен
Учактагы 298 адамдын баары мүрт кеткен

Эл аралык тергөө тобу Украинанын чыгышында мындан беш жыл мурун "Малайзия аба жолдорунун" МН17 каттамындагы учагын атып түшүрүүгө шектүүлөрдүн атын атаганы жатат. Тергөө тобу 19-июнда Нидерландда жергиликтүү убакыт боюнча 13.00до басма сөз жыйынын өткөрөт.

Мунун алдында голландиялык айрым маалымат каражаттары иликтөө материалдардын негизинде кылмышка шектүү төрт адамдын атын атаган. Алардын бирөө кармалып, сурак бере баштаганын жазышкан.

2014-жылы 17-июлда "Малайзия аба жолдорунун" МН17 каттамындагы учагы Амстердамдан Куала-Лумпурга учуп баратканда Украинанын чыгышында атып түшүрүлгөн. "Боинг-777" үлгүсүндөгү учакта бараткан 298 адамдын баары мүрт кеткен.

Бул окуяны иликтөө үчүн Нидерланддын, Австралиянын, Малайзиянын, Бельгиянын жана Украинанын өкүлдөрүнөн куралган эл аралык тергөө тобу түзүлгөн.

Украина учактын атып түшүрүлүшү боюнча Орусияны күнөөлөп келет. Расмий Москва болсо дооматтарды такай четке кагат.

XS
SM
MD
LG