Орусиянын баш калаасы Москвада кыргызстандык жарандардын киши өмүрүн алган калайман мушташ боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин мушташ тууралуу тараткан маалыматында айтылат.
Окуянын чоо-жайын Орусиянын Тергөө комитетинин Москва шаардык бөлүмү иликтөөгө киришти. Кишинин өлүмүнө шектүүлөр изделип жатат.
19-июнда таңга жуук Москванын «Электрозаводская» метросунун айланасында кыргызстандыктардын ортосунда калайман мушташ болгон. Анда Кыргызстандын жараны бычак жеп ошол жерде каза тапкан. Үч киши жарадар болгон.
Каза болгон жигиттин сөөгүн мекенине жөнөтүү аракети башталганы кабарланды. Мушташка ошол түнү кыргыздардын кафесинде эс алган жигиттер катышканы айтылууда.