Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:12

Экстремисттик уюмдарга жаш өспүрүмдөр азгырылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарындагы Амир-Темир кичирайонунун 12 жаштагы тургуну Сириядагы террордук топтордун тапшырмасын аткарып, халифатка үндөгөн түрдүү аудио, видео тасмаларды өзүнүн теңтуштарына жана башка тааныштарына Интернет аркылуу таратып жүргөнү аныкталган.

Бул тууралуу Ош шаарындагы Амир-Темир муниципалдык аймагында өтүп жаткан, экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүүгө арналган жыйында ИИМдин атайын өкүлү билдирди.

Маалыматка ылайык, бул факт ИИМдин «Интернет кайгуул» деп аталган долбоорунун алкагында аныкталган.

«Йакын Инкар», «Хизб ут-Тахрир» жана башка Кыргызстанда тыюу салынган диний агымдын өкүлдөрү Амир-Темир кичи шаарчасында катталган. Милиция өкүлүнүн маалыматы боюнча, аталган шаарчадан Сирияга кеткендердин баары такталган.

Ош мэриясынын, шаардык ички иштер башкармалыгынын, УКМКнын, муфтияттын жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү бул апта ичинде шаардагы жети муниципалдык аймакта жыйын өткөрүп жатышат. Анда жаштарды экстремизм жана терроризм азгырыктарынан сактоо, аларга берилип кетүүнүн алдын алуу тууралуу маселелер каралууда.

20-июнда мындай жыйын Ош шаарындагы Амир-Темир муниципалдык аймагында өтүп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG