Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:06

Өкмөт милдеттүү декларация тапшырууну беш жыл артка жылдырууну сунуш кылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономика министри келерки жылдан тартып киргизиле турган жалпы милдеттүү декларация тапшырууну келерки беш жылда этап менен киргизүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу Салык кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоорунда айтылат.

Анда айтылгандай, мыйзамдагы азыркы талапка ылайык 2020-жылдан тартып 17 жаштан өткөн ар бир кыргызстандык бирдиктүү салык декларациясын тапшырышы керек. Жалпысынан 4 миллион адам отчет бериши керек болот.

Экономика министрлигинин адистеринин баамында, калк маалымат тапшырууга, мамлекеттик органдар аны иштеп чыгууга толук даяр боло элек. Эгер жаңы мыйзам долбоору ишке кирсе, биринчи этабы 2021-жылы, экинчи этабы 2023-жылы, үчүнчү этабы 2025-жылы ишке кирет.

Быйыл жазда Кыргызстанда 200 миңдей адам бирдиктүү салык декларациясын тапшырган. (ErN)

XS
SM
MD
LG