Жогорку Кеңештин 20-июнда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу маселесин талкуулаган жыйыны Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) эфиринен көрсөтүлөт.
Мындай сунушту депутат Эмил Токтошев айтып, көпчүлүк колдоду.
Парламент бүгүн 20-июнда «Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаевге каршы аны статусунан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө» токтом талкууланып, кабыл алынды.
105 депутаттын 100ү «макул» деп, калган бешөө «каршы» добуш беришти.
Атайын депутаттык комиссия «Атамбаев бийликти узурпациялады, Кой-Таштагы тамынын жери мыйзамсыз, кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууну уюштурган, акча адалдаган «Ака инвест» компаниясына тиешеси бар, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга аралашкан, Бишкек ЖЭБине көмүр ташыган ишкананын кызыкчылыгын коргогон» деген айыптар боюнча Атамбаевден шектенүүгө негиз бар деп чечкен.
Ал эми «Орусиянын 123 жаранына, анын арасында кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө ок атуучу курал берген, Чүйдө 35,65 гектар айдоо аянтын мыйзамсыз трансформациялаган, Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылында 4,61 гектар жерди «Фрунзе Резорт» компаниясына мыйзамсыз өткөрүп берген» деген айыптар боюнча күнөө коюу негизсиз деген бүтүмгө келген. Буга Атамбаев ал кезде президенттик кызматты ээлебегени себеп болгон.
Атамбаев баштаган Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) депутаттык комиссиянын жыйынында айтылгандарды «чуулгандуу коррупциялык иштерден коомчулуктун көңүлүн алаксытуу» деп баалап жатат.
Эреже боюнча, комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында 60 добуш алса Башкы прокуратурага жөнөтүлөт. Башкы прокурор өз пикири менен кайра депутаттарга кайтарат. Андан кийин 80 депутат макулдугун берсе кол тийбестик алынары айтылган. (RK)