Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:00

Жогорку Кеңеш Атамбаевдин кол тийбестиги боюнча токтом кабыл алды (видео)


Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеӊеште «Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаевге каршы аны статусунан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө» токтом талкууланып, кабыл алынды.

105 депутаттын 100ү «макул» деп, калган бешөө «каршы» добуш беришти.

Токтомдун мазмунун депутаттарга Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин төрагасы Канат Керезбеков окуп берди:

- Убактылуу атайын комиссиянын ишинин жыйынтыгы тууралуу анын төрагасы Каныбек Иманалиевдин баяндамасы эске алынсын. Жогорку Кеңештин кароосуна комиссиянын корутундусу, депутаттардын экс-президент Атамбаевди статусунан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу жөнүндө демилгеси киргизилсин.

​Кол тийбестик боюнча түзүлгөн атайын депутаттык комиссия демилгечи топтун Атамбаевге койгон тогуз кинесин карап чыгып, алтоо – бийликти узурпациялады, Кой-Таштагы тамынын жери мыйзамсыз, кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууну уюштурган, акча адалдаган «Ака инвест» компаниясына тиешеси бар, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга аралашкан, Бишкек ЖЭБине көмүр ташыган ишкананын кызыкчылыгын коргогон деген айыптар боюнча - Атамбаевден шектенүүгө негиз бар деп чечкен.

Ал эми үчөө – Орусиянын 123 жаранына, анын арасында кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө ок атуучу курал берген, Чүйдө 35,65 гектар айдоо аянтын мыйзамсыз трансформациялаган, Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылында 4,61 гектар жерди «Фрунзе Резорт» компаниясына мыйзамсыз өткөрүп берген деген айыптар боюнча - комиссия күнөө коюу негизсиз деген бүтүмгө келген. Буга Атамбаев ал кезде президенттик кызматты ээлебегени себеп болгон.

Атамбаев баштаган Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) депутаттык комиссиянын жыйынында айтылгандарды «чуулгандуу коррупциялык иштерден коомчулуктун көңүлүн алаксытуу» деп баалап жатат.

Эреже боюнча, комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында 60 добуш алса Башкы прокуратурага жөнөтүлөт. Башкы прокурор өз пикири менен кайра депутаттарга кайтарат. Андан кийин 80 депутат макулдугун берсе кол тийбестик алынары айтылган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (57)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG