АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Иранга кайрадан эскертүү берди. 23-июнда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен Иерусалимдеги жолугушуусунда ал эч ким Иранга «Жакынкы Чыгышта аңчылык кылуу укугун» бербегенин айтып, бул өлкөнүн бийлигин Вашингтондун «этияттыгын» «алсыздык» катары кабыл албоого үндөдү.
20-июнда Тегеран америкалык чалгын дронун атып түшүргөндөн кийин АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга сокку уруу планын жактырып, бирок ал операцияны кайра токтоткону кабарланган.
Трамп 22-июнда бул мааалыматты ырастап, операцияны токтотуу боюнча чечимине бир америкалык генералдын аба соккуларынан 150 ирандык каза табышы мүмкүн экенин айтканы себеп болгонун билдирген.
Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон президент Трамп Иранга каршы «соккуларын ушул жолу гана токтотконун» эскертти.
Ирандын президенти Хасан Роухани болсо Вашингтонду «Жакынкы Чыгыштагы чыңалууну күчөтүп жатат» деп айыптады.