24-июнда Казакстандын Түркстан облусунун Арыс шаарында ок-дары сакталган кампада жарылуу болуп, жергиликтүү жашоочулар коопсуз жайга көчүрүлө баштады.
Өзгөчө кырдаалдар комитетинин билдиргенине караганда, аскер бөлүгүндө жайгашкан кампадан өрт чыкканы тууралуу маалымат жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 9:20да түшкөн.
Жарылуунун себеби жана жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат бериле элек. Жергиликтүү тургундар шаардын ортосунда бир нече жолу ири жарылуу болгонун «Азаттыктын» казак кызматына билдиришти. Кырсыктан улам Түркстан облусунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.
Арыс Шымкенттен 97 чакырым аралыкта жайгашкан. Шаарда 43 миң киши жашайт. Арыстагы полигондо буга чейин бир нече жолу жарылуу болгон.
2009-жылы Арыстагы кампада жардыргыч заттар жарылып, андан төрт киши каза тапкан, жыйырмадай адам ар түрдүү жараат алган.
2015-жылы да шаардагы полигон аймагындагы жарылуудан бир киши өлгөн. Расмий маалыматтар боюнча, кырсык ок-дарылар менен өндүрүш калдыктарын жок кылуу маалында болгон.