Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:06

Сауд Арабиясы: хусит козголоңчулары аэропортко чабуул коюшту


Саудия жана анын өнөктөштөрү колдоо көрсөткөн Йемендин өкмөтү 2015-жылдан бери хусит козголоңчулары менен кармашып келет.
Саудия жана анын өнөктөштөрү колдоо көрсөткөн Йемендин өкмөтү 2015-жылдан бери хусит козголоңчулары менен кармашып келет.

Йемендеги хусит козголоңчулары Сауд Арабиясындагы жарандык аэропортко чабуул коюп, андан бир кишинин өмүрү кыйылды. 21 адам жарадар болгонун бул топко каршы күрөшүп жаткан Саудия жетектеген коалиция маалымдады.

23-июнда хуситтердин өкүлдөрү Сауд Арабиясынын Абха жана Жизан шаарларындагы аба майдандарына дрон аркылуу сокку урулганын билдиришкен эле. Антсе да коалиция Йемендин чек арасына жакын жайгашкан Абха аэропортуна коюлган чабуулду гана ырастап, бирок анда кандай курал колдонулганын тактаган жок.

Июнь айынын башында да Йемендеги Иран колдогон хусит козголоңчулары Абхага абадан сокку уруп, андан 26 киши жарадар болгон.

Саудия жана анын өнөктөштөрү колдоо көрсөткөн Йемендин өкмөтү 2015-жылдан бери хусит козголоңчулары менен кармашып келет.

Төрт жыл ичиндеги куралдуу кармаштардан 10 миңдей киши каза тапты. Йемендин 14 миллионго жакын жараны ачарчылык коркунучуна кептелди.

XS
SM
MD
LG