Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:33

Германияда кармалган баңгизат чыры: «Элит Шоко» фирмасында тинтүү жүрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Германия менен Польшанын чек арасында кармалган героинге байланыштуу Бишкектеги «Элит Шоко» фирмасында тинтүү жүргүздү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова «Азаттыкка» билдирип, тинтүүнүн чоо-жайы тууралуу башка маалымат жок экенин кошумчалады. ​

Анын айтымында, өткөн аптада «Элит Шоко» кондитердик цехинин жетекчиси Аида Жолдошева Тергөө кызматына суракка чакырылып, андан кийин ишканада тинтүү жүргөн. Тергөө Германияда кармалган баңгизат боюнча мындан башка маалымат бере элек.

Өткөн аптада немис басылмалары Польша менен чек арада жүк ташуучу автоунаадан 670 килограмм героин кармалганын жазып чыгышкан. Баңгизаттар Кыргызстандагы «Элит Шоко» фирмасы өндүргөн шириндиктердин ичине катылып, Белгияга ташылып баратканы айтылган. Ал эми автоунаанын айдоочусу Түркиянын жараны экени, көптөн бери Кыргызстанда иштеп, Бишкекте жашай турганы да кабарланган. (NT)

XS
SM
MD
LG