Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 05:48

Ормонов: Аэропорттордун иши ачык эмес


Улугбек Ормонов.

«Манас» эл аралык аэропортунун ишин текшерүү боюнча түзүлгөн депутаттык жумушчу топ Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде маалымат берет.

Бул тууралуу «Азаттыкка» эл өкүлү Улугбек Ормонов билдирди. Анын айтымында, дээрлик бир жыл мурда түзүлгөн жумушчу топ «Манас» жана Ош аэропортторунун ишмердүүлүгүн текшерген. Ормонов ар кандай шылтоо менен маалыматтар толук берилбегенин жана аэропорттордун иши ачык эмес экенин белгиледи:

- Өзгөчө Ош аэропорту боюнча суроолор бар. Алар аба майданына кире бериш жерге, жолго пост коюп алышкан. Документтерди сураганда «жолду ижарага алдык» деп жатышат. Жолду кантип ижарага алышат? Бир жылдан ашып кетти, канча акча түштү, канчага курулду... Түшкөн каражаттар боюнча да маалыматтарды сураганбыз, бербей жатышат. Мурда «Манас» аэропортуна да ошондой пост коюлуп, кайра алынып салынган. Аэропорттордун иши ачык эмес десек болот.

«Манас» аба майданы эле жылына 3,5 миллиондой жүргүнчү кабыл алат. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG