Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Ошто Анжиян облусунун жаш футболчулары менен беттеш өтүп жатат


Жаш футболчулардын «Достук кубогу» футбол беттеши. Ноокат району. 25-июнь, 2019-жыл.
Жаш футболчулардын «Достук кубогу» футбол беттеши. Ноокат району. 25-июнь, 2019-жыл.

25-июнда Ош облусунун жаш өспүрүмдөр курама командасынын оюнчулары менен Өзбекстандын Анжиян облусундагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин футбол клубунун оюнчулары «Достук кубогунун» алкагында беттешүүсүн өткөрүп жатат. Оюнга 14-15 жаштагы өспүрүмдөр катышууда. Беттеш Ноокат районундагы «Кыргыз Ата» футбол клубунун талааасында өтүп жатат.

Беттешти уюштуруучулардын бири, эл аралык макамдагы калыс Бахадыр Кочкаровдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, достук футбол беттеши быйыл экинчи жолу өткөрүлүп жатат.

- Былтыр биринчи жолу Ош, Кара-Суу шаарларында өткөргөнбүз, - деди ал. - Быйыл атайын Ноокат районуна уюштурдук. Бул конок балдарга Кыргызстандын жерлерин көрсөтүү жана быйылкы Аймактарды өнүктүрүү жылына карата атайын уюштурулду.

«Достук кубогу» алкагында өткөн жылы кыргызстандык жаш футболчулар Өзбекстандын Анжиян, Фергана, Наманган жана Кокон облустарына барып, беттешип келишкен.

Уюштуруучулардын белгилөөсү боюнча эки өлкөнүн жаш футболчуларынын «Достук кубогу» кийинки жылдары да уланат. (MdN)

XS
SM
MD
LG