Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:20

Хошуд Цэнгэл жана Тамга-Таш: Сүрөт баян

Кытайлык булак таануучу Хошуд Цэнгэлдин Кыргызстанга сапары жана Жети-Өгүз жергесиндеги бутпарастык Тамга-Таштагы жазманы окушу тууралуу сүрөт баян.

Үстүбүздөгү жылдын кулжа (июнь) айынын 10унда Бишкекте булак таануучу, археолог, этнолог, тарыхчы ж.б. адистердин кыргыз-кытай илимий шеринеси өткөрүлгөнүнөн мүлдө журт кабардар.
Ошол илимий жыйынга Кытайдын борбору Бээжинден келип катышкан ири окумуштуулардын бири – 56 жаштагы Хошуд Цэнгэл мырза. Ал КЭРдин Цинхай аймагында туулган.
Хошуд Цэнгэл – тарых илимдеринин доктору (Ph.D.), КЭРдин Коомдук илимдер академиясынын Тарых институтунун профессору.
Ал 2019-жылы кулжанын 12синде Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Тамга айылынан анча узак эмес тоо боорундагы Тамга-Таш эстелигине келип, мындагы текстте “Ом мани падме хум” деген бутпарастык (буддизмге таандык) ыйык сөз жазылганын гана окуп чектелбестен, бул текст Жуңгар хандыгынын маалында, б.з. 1600–1648-жылдар аралыгында гана жазылышы мүмкүн деген тыянагын да сунуштады.
Бул жазма эстелик "VIII–IX кылымдарда тибеттиктер тарабынан калтырылган болушу мүмкүн" деген жоромолдор да бар экенин айтсак, Хошуд Цэнгэл мырза ал доордо тексттер таптакыр башка усулда жазылып, башка да белгилер болгондугун белгиледи. Тамга-Таштагы бул текст болсо 1648-жылдагы жазмал реформасынан кийин пайда болгон жазмадан саал мурдагы вариантта, болгондо да Жуңгар хандыгынын тушунда жарым кылым ичинде Жуңгарияда, Теңир-Тоодо ж.б. жерлерде таркалган түрдө жазылган экен, дейт Цэнгэл мырза.
Чүйдөгү археологиялык жайларда, Кырчын жайлоосунда, Чолпон-Атанын батышындагы Саймалы-Ташта, Кочкордун Көк-Таш жергесиндеги карахандык жер астындагы күмбөздө, Ош аймагында Сулайман-Тоо, Өзгөн, Аравандагы ж.б. тарыхый жайларда болгон Цэнгэл мырза Кыргызстан тууралуу алда канча кеңири маалымат алганы үчүн кыргызстандык тарыхчыларга, "Мурас" фондуна терең ыраазычылык билдирди.

XS
SM
MD
LG