Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:43

Мигранттар «Жүк-200» маселесин чечүү боюнча кол топтоп жатышат


Бишкектеги «Мигранттар үнү» акциясы. 25-июнь, 2019-жыл.
Бишкектеги «Мигранттар үнү» акциясы. 25-июнь, 2019-жыл.

Орусияда жана башка чет мамлекеттерде жашап-иштеп жаткан кыргызстандык мигранттар «Жүк-200» маселесин чечүү боюнча кол топтоп жатышат. Бул тууралуу «Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов бүгүн Бишкекте өткөн «Мигранттар үнү» деп аталган акцияда билдирди.

Анын айтымында, ушул кезге чейин 40 миң кишинин колу чогулду. Кол топтоо дагы уланып, жыйынтыгында күз айларында Жогорку Кеңешке кайрылуу жиберилет.

«Мигрант үнү» деп аталган тынчтык акциясына Орусияда жана башка өлкөлөрдө иштеген мигранттар, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Анда мигранттар кабылган кыйынчылыктар тууралуу айтылып, өкмөткө аларды чечүү боюнча сунуштар берилди.

«Замандаш» партиясы уюшурган иш-чарага ондогон мигранттар келди. (NT/GT)

XS
SM
MD
LG