Линктер

шейшемби, 16-июль, 2019 Бишкек убактысы 21:07

«Ата Мекендин» юристтерине карата доо арыз чакыртып алынды


Солдон оңго: Канатбек Азиз, Таалайгүл Токтакунова жана Алмазбек Атамбаев.

Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевдин абийирин жана кадыр-баркын коргоо боюнча «Ата Мекен» партиясынын юристтери Канатбек Азиз менен Таалайгүл Токтакуновага карата жазылган доо арызды кайтарып алды. Муну менен юристтер менен Башкы прокуратуранын ортосундагы соттук териштирүүгө чекит коюлду. Бул тууралуу Таалайгүл Токтакунова «Азаттыкка» билдирди.

Токтакунова менен Канатбек Азиз 2017-жылдын март айында Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, «Дача СУ айылына кулаган учактагы жүктүн президент Алмазбек Атамбаевге тиешеси бар» деген маалымат тараткан. Атамбаев муну жалган жалаа катары сыпаттаган, ал эми ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаева юристтерди сотко берген.

Соттун бардык инстанциялары доо арызды толук канааттандырып, юристтер 10 миллион сомдук айыпка жыгылган. Атамбаевге материалдык доону өндүрүп бериш үчүн эки юристтин айлыгы түшчү банктагы эсеби жабылган.

Жогорку соттун Конституциялык палатасы 2018-жылы 17-октябрда «башкы прокурор президенттин ар-намысын анын макулдугу болмоюнча коргой албайт» деген чечим кабыл алган. Юристтер Конституциялык палатанын ушул бүтүмүнө таянып, ишти кайра кароо боюнча шаардык сотко арызданган.

Бишкек шаардык соту февралда ишти кайра Октябрь райондук сотуна жиберген. 25-июнда Башкы прокуратура райондук сотто өз доосунан баш тарткан.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG