Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүнүн жанына боз үйлөр тигилүүдө. «Азаттык» радиосунун кабарчылары жеринен маалымдагандай, тыштагы жолдун боюндагы суунун жээгине төрт боз үй тигилди.
Атамбаев бүгүн короосунда ачылган «элдик штабдын» мүчөлөрү менен жолукту. Анын тарапкерлеринин штабы түзүлгөнү, ошол жерде журналисттер үчүн басма сөз борбору уюштурулганы бир күн мурда кабарланган.
Жогорку Кеңеште Атамбаевди жоопко тартыш үчүн аны кол тийбестик макамынан ажыратуу маселесин караган комиссия 13-июнда түзүлүп, 18-июнда корутунду чыгарган. Депутаттык комиссиянын корутундусу 20-июнда парламентте жактырылып, Башкы прокуратурага жиберилген. Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевге коюлган алты дооматтын бешөөнү негиздүү деп тапкан.
КСДП фракциясынын үч депутаты жана партиянын юристи депутаттык комиссиянын ишмердигине нааразы болуп Конституциялык палатага кайрылды. (GT)