Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:55

Орусияда мигранттарынын жапырт ууланышы боюнча кылмыш иши козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москва облусунун полициясы Одинцоводо Тажикстан менен Өзбекстандан келген мигранттардын жапырт ууланышы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 23-июнга караган түнү Одинцово шаарчасында тамак-ашка уулануу белгилери менен элүүдөй мигрант медициналык мекемелерге кайрылган. Алардын ичинен 12си ооруканага жаткырылган. Алардын баары бир ишканада иштеген.

Одинцоводогу терезе-эшик чыгарган цехте 200дөн ашык тажикстандык, ондогон өзбекстандык мигрант иштейт. Жумушчулардын биринин айтымында, алар ай сайын 20 миң рубль айлык акы алышат, 4 миңин тамак-аш үчүн ишкананын ашканасына төлөп беришет. Мигранттар цехте жатып иштешет.

XS
SM
MD
LG