Орусия Кыргызстандан ташылып барган сүт азыктарын өлкө аймагына киргизүүдөн баш тартты. «Россельхознадзор» мекемесинин Алтай аймагы боюнча башкармалыгынын маалыматына караганда, 20 тоннадан ашуун сыр орус-казак чек арасынан өткөрүлгөн жок.
Товардын ээси Ысык-Көл облусунун Жылуу-Булак айылынын тургуну экени аныкталды.
Сыр Барнаул шаарына ташылып бараткан, бирок ветеринардык-санитардык коопсуздугун тастыктаган тиешелүү документтери жок экени белгилүү болду.
Кыргызстан - Евразия Экономикалык Биримдигинин мүчөсү. Уюмдун талаптарына жооп бериш үчүн бир катар шарттар коюлган. (RK)