Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 17:10

Атамбаевдин макамын караган жыйынды КТРКдан көрсөтүү боюнча сунуш колдоо тапты


Жогорку Кеңеш.

Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу боюнча Жогорку Кеңештин жыйынын Коомдук телерадиокорпорациянын (КТРК) эфиринен көрсөтүү сунуш кылынды. Депутат Аида Исмаилованын бул сунушун депутаттар колдоду.

Жогорку Кеңештин 27-июндагы жалпы жыйынында Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу маселеси карала баштады. Депутаттардын алдында баш прокурор Өткүрбек Жамшитов баяндама жасап, экс-президент ыйгарым укуктарынан аша чапканы жөнүндө маалыматтарды берди.

КСДП фракциясынын депутаттары Мурадил Мадеминов жана Ирина Карамушкина башкы прокурордун айткандарын калыс эмес деп баалашты.

Жогорку Кеңеш 20-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратыш үчүн ага күнөө коюу маселесин караган депутаттык комиссиянын корутундусун жактырып, аны Башкы прокуратурага жиберген. Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевге коюлган алты дооматтын бешөөнү негиздүү деп тапкан.

Атамбаевге «кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушуна, Бишкек Жылуулук электр борборун оңдоп-түзөөдөгү коррупциялык иштерге аралашкан, баш калаага көмүр жеткирүүчү компаниянын кызыкчылыгын коргогон, мыйзамсыз жер алган» деген айыптар коюлууда. Жогоруда аталган иштердин баары Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин депутаттарынын айыптоосу боюнча билдирүү таратып, парламенттин аракетинин артында азыркы президент турганын жана бийлик өзүн жалган айып менен соттогусу келип жатканын айтты. Экс-президенттин Чүйдө Кой-Таш айылындагы үйүндө элдик штаб түзүлүп, тарапкерлери 25-июндан бери чогула баштаган. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG