Линктер

дүйшөмбү, 22-июль, 2019 Бишкек убактысы 22:21

Атамбаевди колдогондор парламенттин бүтүмүн күтүп жатышат


Атамбаевдин тарапкерлеринин штабы. 27-июнь, 2019-жыл.

Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлеринин штабы өз ишин улантууда. Ушу тапта алар сыналгыдан Жогорку Кеңештин жыйынын түз эфирден көрүп жатышат.

Парламент учурда Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу маселесин кароодо.

Кой-Таштагы тигилген төрт боз үй бүгүн да турат. «Азаттыктын» кабарчылары жеринен маалымдагандай, короодо он чакты керебет турат, аларга түндө күзөтчүлөр уктаганын ошол жердегилер айтып беришти.

Атамбаевдин тарапкерлери 22-июндан бери Кой-Таштагы үйүнө чогулуп, «элдик штаб» жана басма сөз борбору түзүлгөнүн айтышкан. (GT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG