Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:28

Жамшитов: экс-президентке кылмыш иши козголгон жок


Өткүрбек Жамшитов.
Өткүрбек Жамшитов.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов экс-президент Алмазбек Атамбаевге эч кандай кылмыш иши козголо элек экенин, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын айтты.

- Биз «депутаттык комиссия койгон айыптарда кылмыштын белгилери байкалат»​ деген гана корутунду бердик. Эгер Атамбаевдин макамы алына турган болсо, биз аны тийиштүү көрсөтмө бериш үчүн чакырышыбыз керек. Күбөлөр менен көздөштүргөндө Атамбаевге шек жарала турган болсо, ошондо ага шектүү катары билдирүү берилип, кылмыш иши козголду деп эсептелет, - деди Жамшитов.

Жогорку Кеңештин 27-июндагы жалпы жыйынында Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу маселеси карала баштады. Депутаттардын алдында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов баяндама жасап, экс-президент ыйгарым укуктарынан аша чапканы жөнүндө маалыматтарды берип жатат.

Жогорку Кеңеш 20-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратыш үчүн ага күнөө коюу маселесин караган депутаттык комиссиянын корутундусун жактырып, аны Башкы прокуратурага жиберген. Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевге коюлган алты дооматтын бешөөнү негиздүү деп тапкан.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын айрым депутаттары экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигине байланыштуу парламенттин токтомун жокко чыгарууну өтүнүп Конституциялык палатага кайрылышты. (BTo)

XS
SM
MD
LG