Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:57

Анталияда кыргызстандык уурулук менен кармалганы кабарланды


Бул тууралуу жергиликтүү Habertürk басылмасы билдирди.
Окуя 27-июнда Анталиянын Сиде аймагындагы мейманканалардын биринде болгон.

18 жаштагы кыргызстандык Н.Т. өзү иштеген мейманкананын эс алуучуларынын ноутбугун жана капчыгын алып качкан. Уурдоо фактысы коопсуздук камерасына түшүп калган.

28-июнда туристтер буюмдары уурдалганын мейманкананын кызматкерлерине кабарлаганда гана коопсуздук камералардан бул ишти кыргызстандык жигит кылганы белгилүү болгон.

Мейманкананын жетекчилери Манавгат жандармериясына окуя боюнча арыз менен кайрылган. Шектүү Анталиянын аэропортунан кармалган.

Учурда уурдоого шектелген жаран Анталия прокуратурасынын тергөө бөлүмүндө камакта отурат.

Түркияда расмий 25 миңден ашык кыргызстандык катталган. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу чоң шаарларда жашап, эмгектенет. Расмий эмес маалыматтар боюнча жайкы туристтик сезондо 40 миңден ашык кыргызстандык Анталия аймагындагы мейманканаларда иштейт. Алар негизинен тейлөө кызматтарында иштешет. (ElB)

XS
SM
MD
LG