Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Жаш ойлоп табуучулардын олимпиадасы аяктады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Интеллектуалдык менчик жана инновация боюнча мамлекеттик кызматтын (Кыргызпатент) жогорку класста окугандар үчүн өткөргөн олимпиадасы аяктады. 29-июнь күнү жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Олимпиадага жалпы республика боюнча 100 мектеп окуучусунун эмгеги келип түшкөн. Калыстар тобунун тандоосу менен 33 долбоор финалга чыккан. Жыйынтыгында байгелүү орун саналган “Ойлоп табуу” номинациясына үч окуучу татыды. 1-орунга Нарын облусунан келген Эмилбек уулу Төлөбек, 2-орунга Ысык-Көлдөн келген Билим Асанкадыров, 3-орунга Ош облусунан катышкан Никита Челядник татыктуу болду.

Олимпиада жаш ойлоп табуучуларды издөө жана аларга дем бериш үчүн уюштурулган. (TSh)

XS
SM
MD
LG