Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:35

Жээнбеков Кожомкулдун мааракесинде ынтымак тууралуу сөз сүйлөдү


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

30-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Жайыл районундагы Суусамыр өрөөнүндө өтүп жаткан Кожомкул Каба уулунун 130 жылдык мааракесине катышты.

Куттуктоо сөзүндө Жээнбеков Кожомкулдун балбандык даңкын баса белгилеп, улуу инсандын баскан жолунан сабак алыш керек экенине, өлкөдөгү ынтымактын маани-мазмунуна токтолду:

- Биз - элдин биримдиги, коомдун ынтымагы бекем мезгилдерде дүркүрөп өнүккөн өлкө, күчтүү мамлекет болдук. Элден ынтымак кетсе, коомдон ырыскы качып, адамдар азып–тозуп, мекенибиз алсыраган күндөр да өткөн. Ынтымагыбыздан, биримдигибизден өткөн байлык, өлкөбүздөн өткөн дөөлөт жок экенин эзелтен бери уланган тарыхыбыз өзү тастыктап турат.

Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеш 27-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестик макамын алгандан бери эл алдында биринчи жолу сөз сүйлөдү.

Чүй облусунун Суусамыр айыл өкмөтүндө Каба уулу Кожомкул балбандын 130 жылдыгы белгиленип жатат. Иш-чаранын алкагында Суусамырдагы Каракол жайлоосунда улуттук ат оюндары өткөрүлдү. Каба уулу Кожомкул 1889-жылы Суусамыр аймагында туулуп, 1955-жылы каза болгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG