Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:01

Элчилик: Москвада мигранттар кармалган жок


Москва шаары.
Москва шаары.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги «Москвада волейбол ойноо үчүн топтолгон жерде мигранттар кармалды» деген маалыматтарды четке какты.

Элчиликтин кызматкери Гүлбарчын Байымбетованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, ишемби күнү волейболго чогулган мигранттар кармалган эмес. Аларды жеринде полиция келип текшергенден кийин кое берилген.

Буга чейин орусиялык маалымат каражаттары жана Москвадагы мигранттар волейбол ойногону чогулган 40ка жакын кыргызстандык кишини полиция кармап кеткенин кабарлашкан. Алар милиция бөлүмүндө суракка алынганы да айтылган. (NT)

XS
SM
MD
LG