Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:33

Милиция Боом капчыгайындагы граффитинин өчүрүлүшүн иликтей баштады


Активисттер граффитини өчүрүп жатышкан убагы. Боом капчыгайы, Кыргызстан. 28-июнь, 2019-жыл.
Активисттер граффитини өчүрүп жатышкан убагы. Боом капчыгайы, Кыргызстан. 28-июнь, 2019-жыл.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы Боом капчыгайындагы граффитини өчүрүү фактысы боюнча эреже бузуу бар-жогун териштире баштады. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган башкармалыктын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын айтымында, авторлордон жана башка жарандардан арыз түшкөн эмес. Текшерүү жалпыга маалымдоо каражаттарындагы кабарлардан улам жүрүп жатат. Милициянын кийинки аракеттери териштирүүнүн жыйынтыгы менен белгилүү болот.

Дээрлик 800 чарчы метр аянтты түзгөн Боом капчыгайындагы граффити 2015-жылы тартылганда эле коомчулуктун түрдүү реакциясына кабылган. Сүрөтчүлөр адамдардын жүзүн балбал катары берип, калпак кийген сүрөткө «Эээ... кандай?» деген сөзү менен кошо жазышкан. Стрит-артка каршы чыккандар аны Кыргызстандын улуттук баалуулуктарын мыскылдоо катары баалашса, анын тарапташтары чыгармачылыктын ыкмасы катары сүрөттөшкөн.

Граффити пайда болгондон кийин эле активисттер аны өчүрүп салууга аракет кылышкан, дубалдын чоңдугунан улам сүрөттөрдүн бөлүктөрүн гана боёп коюшкан.

2019-жылдын 28-июнунда активист Мирлан Атакозу-теги граффитини толук көк түскө боёп коюшканын, буга үч күн кеткенин билдирген. «Фейсбуктагы» баракчасында ал буга 20 миң сомдой акча кеткенин жазды. (ErN)

XS
SM
MD
LG