Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:52

Иркутскиде ташкындан жабыркаган кыргызстандыктар бар-жогу такталууда


Иркутскидеги суу каптаган айыл.
Иркутскидеги суу каптаган айыл.

Орусиянын Иркустк облусундагы суу каптоодо жабыркагандардын арасында кыргызстандыктардын бар-жогу такталууда. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин расмий өкүлү Гүлбарчын Байымбетова билдирди. Красноярскидеги өкүлчүлүк бул маселени көзөмөлгө алган. Баштапкы маалыматтарга караганда, жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Тышкы иштер министрлиги тактоо иштери дагы уланып жатканын билдирди.

25-июнда башталган нөшөрдөн улам облустагы калктуу пункттарды суу каптаган. Табият кырсыгынан өлгөндөрдүн саны жети кишиге жеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирген.

Расмий маалымат боюнча ташкындан 351 адам ар кандай жаракат алды. Алардын 33ү балдар. Учурда 97 киши ооруканага жаткырылды. Жергиликтүү маалымат каражаттары ооруканада дарыланып жаткандардын саны 150дөй экенин жазышты. Расмий органдар муну ырастай элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG