Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:12

Суусамырда сууга агып кеткен эки кишинин сөөгү табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жайыл районунда Көкөмерен суусуна машинеси менен кошо агып кеткени айтылган эки кишинин сөөгү табылды. Алар 59 жаштагы М.А. аттуу жаран жана айдоочу экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маркумдар 2-июлда кечки саат 20.00дөр чамасында табылган. Алардын сөөктөрү милицияга өткөрүлдү.

Машинедеги калган жарандар табыла элек. Түн кирип кеткенине байланыштуу саат 20.30да издөө иштери эртең мененкиге чейин токтотулганы кабарланды.

Маалыматтарга караганда, дарыяга түшүп кеткен «Ниссан Террано» үлгүсүндөгү автоунаада Молдакун Абдылдаев үй-бүлөсү менен келе жаткан. Азыр дагы үч киши изделип жатат. Алар Абдылдаевдин үй-бүлөсү экени айтылган.

Туугандарынын айтымында, машинеде беш киши (3 эркек, 1 аял, бир бала) бараткан. Алар акыркы жолу кырсык болгон аймакка жакын жерден телефондон байланышкан.

Молдакун Абдылдаев 2014-2018-жылдары президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.

XS
SM
MD
LG