Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Армениянын премьер-министри Никола Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүү бүгүн, 3-июлда армян тараптын демилгеси менен болгонун президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта алар эки тараптуу кызматташтыктын жана Евразиялык Экономикалык Биримдигинин алкагындагы өз ара аракеттешүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашканы жазылган. (КЕ)