Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Арыстагы жарылуу боюнча жүздөн ашык адам суралды


Арыс, жарылуудан кийин.
Арыс, жарылуудан кийин.

Казакстандын Түркстан облусуна караштуу Арыс шаарындагы ок-дары сакталган кампадагы жарылууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде 100дөн ашык адам сурак берди. Бул тууралуу 3-июлда башкы аскер прокурорунун орун басары Дархан Ержанов кабарлады. Прокуратуранын өкүлү суралган, көрсөтмө берген адамдар кимдер экенин тактаган жок.

Дархан Ержанов жарылуунун себеби азырынча так аныктала элек экенин айтты жана өрт коопсуздугунун эрежесин бузуу, электр тогу, тез жалбырттоочу буюм-тайымдардын күйүшү, ошондой эле шалаакылык өңдүү бир канча божомол каралып жатканын белгиледи. Ал жооптуу кызматкерлерге укуктук баа иликтөөнүн жыйынтыгы менен берилерин билдирди.

Арыстагы 24-июндагы жарылууда үч адам ажал таап, ондогон жаран жарадар болгон. Шаардагы турак жайдын 85% жакыны жабыркаган.

XS
SM
MD
LG