"Азаттыктын" кабарчысы билдиргендей, бүгүн, саат 12:00 чамасында Тоң районундагы "Аалам Ордо" комплексиндеги көл жээгинде сууга түшүп жаткан эки жаран чөгүп кеткен. Алар - 21 жана 29 жаштагы жигиттер.
Окуя болгон жерге Бөкөнбаев айылдык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери чакырылган. Мындан тышкары Каракол шаарынан дагы суучулдар жиберилген.
Бирок көлдөгү катуу толкун эки жигиттин сөөгүн жээкке чыгарып койгон. Азыр укук коргоо органдарынын кызматкерлери окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.