Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:26

Алексей Петрушевский кайра үй камагына чыкты


Алексей Петрушевский.
Алексей Петрушевский.

Бишкек мэриясына караштуу Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунун мурдагы жетекчиси Алексей Петрушевский үй камагына чыгарылды. 3-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту ушундай чечим чыгарды.

Буга чейин ден соолугуна байланыштуу аны тергөө абагынан үй камагына чыгарууну жакындары, тарапкерлери, Акыйкатчы институту суранган.

Быйыл 6-июнда «кызмат абалынан кыянат пайдаланган» деген негизде кармалган Алексей Петрушевский Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки күндөн кийин үй камагына бошотулган.

Бирок 27-июнда Бишкек шаардык соту аны кайра 6-августка чейин №1 Тергөө абагына которгон.

Тергөө Петрушевский реабилитациялык борборду жетектеген 2017-жылы «апасы бар балага башка аялдын жардам беришине уруксат берүү менен кызматтык укуктарынан аша чапкан» деп эсептейт.

Ал быйыл мартта кызматынан бошотулган. Анын алдында мэрияда атайын түзүлгөн комиссия Петрушевский жетектеген борбордо «тарбиялангандар аз, аларга бюджеттен бөлүнгөн акча бекер эле коромжу болуп жатат» деген негизде имаратты бала бакчага айлантуу боюнча демилге көтөргөн.

Петрушевский «бул жерде жеке кызыкчылыктар бар» деген оюн билдирип жүрөт. Кароосуз калган балдар тарбияланган борбордо азыр 21 бала жашайт. Мекемеге мэриянын бюджетинен жыл сайын 13 миллион сом бөлүнөт. (NT)

XS
SM
MD
LG