Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 10:13

Шаардык сот Салянованын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча доо арызды карайт


Аида Салянова.

Бишкек шаардык соту бүгүн, 5-июлда камактагы экс-башкы прокурор жана мурдагы депутат Аида Салянованын бөгөт чарасын карайт. Бул тууралуу Салянованын адвокаты Рабига Садыкова "Азаттыкка" билдирди.

Адвокат буга чейин Биринчи май райондук сотунун Салянованы 26-августка чейин камакта калтырган чечимине каршы шаардык сотко даттанган.

Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынган.

Эки күндөн кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 26-июнга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камоо тууралуу чечим чыгарган.

21-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Аида Салянованын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу адвокаттардын арызын карап, аны канааттандырган эмес. Мурдагы депутатты 26-августка чейин камакта калтырган.

15-июнда саламаттыгынан улам ооруканага которулуп, бирок 14 күндөн кийин кайра тергөө абагына жеткирилген. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG