Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:22

Орусия суу алдындагы кеме атомдук энергия менен иштегенин моюнга алды


Владимир Путин менен Сергей Шойгу.
Владимир Путин менен Сергей Шойгу.

Орусия президенти Владимир Путин өрт кырсыгына учураган суу алдындагы кеме атомдук энергия менен иштегенин билдирди.

Бул тууралуу орус президенти Владимир Путиндин коргоо министри Сергей Шойгу менен жолугушуусунда маалым болду.

Министр кеменин реактору коопсуз абалда экенин билдирди. Кырсык болгондон үч күн өткөндөн кийин, 4-июлда болгон жолугушууда Путин алгачкы жолу бул аскердик кеме атомдук энергия менен иштегенин ачыктап отурат.

"Кемедеги ядролук реактор толугу бойдон изоляцияга алынды. Экипаж аны сактоо үчүн бардык зарыл аракеттерди көргөн. Реактор азыр жарактуу абалда", - деди Сергей Шойгу.

Ошондой эле ал кеме жакынкы арада кайра иштей баштай турганына үмүт бар экенин жана өрт суу алдындагы кеменин батареялык бөлүгүндө тутанганын кошумчалады. Бирок кырсыкка эмне себеп болгону айтылган жок. 1-июлдагы өрт кырсыгынан 14 моряк каза тапкан.

XS
SM
MD
LG