Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:19

Бишкек-Шаржа багытындагы түз авиакаттам иштей баштайт


"Манас" эл аралык аэропорту.
"Манас" эл аралык аэропорту.

«Air Arabia» авиакомпаниясы 5-июлдан тарта Бириккен Араб Эмирлигинин Шаржа шаарынан Бишкекке туруктуу түз каттам жүргүзө баштайт.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги каттам жумасына төрт жолу болот деп билдирген.

Шаржа-Бишкек каттамы өкмөттүн 2013-2023-жылдарга туризмди өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашууда.

Кыргызстандан ушул тапта Орусиянын бир канча шаарына, Түркиянын Стамбул, Анталия шаарларына, Өзбекстандын, Казакстандын борборлоруна жана Бириккен Араб Эмирлигинин Дубай шаарына түз каттамдар бар.

XS
SM
MD
LG