Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 03:50

Бишкекте ишкер аялдардын улуттук форуму өтүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында ишкер аялдардын улуттук форуму өтүп жатат.

“Кыргызстанда аялдардын ишкердиги: жаңы күч” деп аталган конференцияга өлкөнүн бардык аймактарынан келген ишкер айымдар катышууда.

Форумдун ачылышында сөз сүйлөгөн вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бул жер ишкерликтин бардык багытын талкуулап, дагы көп аялдарды тартуунун натыйжалуу чараларын иштеп чыгуучу аянтча болорун белгиледи.

Иш-чаранын түштөн кийинки бөлүгүнө премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышары күтүлүүдө.

Кыргызстанда бизнеске аралашкан айымдардын катары калыңдап баратат. Бирок ошого карабай, Социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда ири ишкерлик менен алектенгендердин 2 пайызы гана аялдар. Өндүрүш тармагында аялдар 22%, соодада 56% түзөт. Өзүнүн жеке ишин ачкандар 19 пайызды түзөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG