Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:37

Нигериялык жарандын сөөгү Бишкекке коюлат


Сабалган нигериялык жаран.
Сабалган нигериялык жаран.

Бишкекте сабалып, оор жарааттан улам каза болгон чет элдик Али Абубакардын сөөгү Бишкектеги көрүстөндөрдүн бирине коюлат.

Бул тууралуу ал иштеген "Cambridge School" тил үйрөнүү мектебинин өкүлү “Азаттыкка” билдирди. Анын жаназасы шаардагы мечиттердин биринде 13:30да окулат. Маалыматка караганда, маркумдун мурда дагы Кыргызстанда жашап кеткен иниси Бишкекке келген.

Нигериянын 34 жаштагы жараны 2-июлда «Айчүрөк» соода борборунун алдында токмок жеп, оор абалда ооруканага түшкөн. Ошондон бери комадан чыга элек болчу.

Милиция аны урганга шектүү адамды эртеси күнү кармап, камакка алган. Ал Ысык-Көл облусунун 22 жаштагы тургуну болуп чыккан. Кылмышкерди кармап, жазалоону премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге тапшырган болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG