Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 03:25

100дөн ашуун ЗАГС кызматкери акыйкатчыга арызданды


Өкмөт үйү.

Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин ЗАГС бөлүмүнүн 126 кызматкери акыйкатчыга кайрылды. Алар бирдей айлык акы алуу укугун коргоп берүүнү жана жетекчиликтин басымынан коргоону өтүнүшкөн. Өздөрү иштеген мекеме жетишерлик иштебей жатканын белгилешип, жумушту жакшыртуу боюнча сунуштарын айтышкан. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы кабарлады.

Акыйкатчы жамааттык арыз менен таанышып, маселени карап чыгуу үчүн мекеме аралык комиссия түзүүнү өтүнүп, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кат жөнөттү. Тийиштүү комиссия түзүү Мамлекеттик экотехинспекциясына тапшырылды.

Мамлекеттик каттоо кызматы бул маселе такталып жатканын билдирди. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG