Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:16

УКМК чагымчыл билдирүүлөр иликтенип жатканын жарыялады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Интернеттеги социалдык тармактарда аймак жана улут аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү иликтеп жатканын кабарлады.

Мекеме тараткан маалыматта Жазык кодексинин 313-беренесине ылайык, расалык, улут аралык, диний, аймактык кастыкты козутуу үчүн беш жылдан жети жарым жылга чейин эркинен ажыратуу каралганы эске салынган.

Кыргызстанда азыркы саясий абалга байланыштуу Интернет колдонуучулары тарабынан ар кандай пикирлер айтылып, жазылып жатат. Мындан тышкары «фейк акаунттар» да күч алганы айтылып келет.

27-июнда Жогорку Кеңеш мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин «экс-президент» макамын алып, кол тийбестиктен ажыраткан. Бул чечим анын азыркы бийлик менен тирешинин күчөшүнө кептеди.

Мурдагы президенттин ондогон тарапкерлери 22-июндан бери Кой-Таш айылындагы анын үйүндө чогулуп турушат. (NT)

XS
SM
MD
LG