Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:58

Муфтият имамдарды жайлоого чыгарып окутту


Нарындагы жайлоо семинары.
Нарындагы жайлоо семинары.

Нарын казыяты дем алыш күндөрү Ат-Башы районунун Чар жайлоосунда облустун имамдарына жайлоо семинарын өткөрдү.

Муфтияттын маалыматына караганда, имамдардын тажрыйбасын бекемдөө жана бири-бири менен алакасын жакшыртуу максатын көздөгөн иш-чарага Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү Чубак ажы Жалилов, Жакшылык ажы Борочоров жана муфтияттын, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

Семинардын акыркы күнү спорттук мелдештер уюштурулуп, байгелер тапшырылды.

Кыргыз мыйзамдары боюнча имамдардын диний жана дүйнөбий билими болушу керек. Бирок 2016-жылы аттестация башталганда алардын 80-90% дүйнөбий билими жок экени анык болгон.

Дин комиссиясынын маалыматына караганда, Кыргызстанда 2647 мечит, 107 медресе, 10 ислам институту бар. Имамдардын саны 2800дүн тегерегинде. (RK)

XS
SM
MD
LG