Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 11:46

Иркутскиде ташкында ажал тапкандардын саны 23кө жетти


Иркутскиде 25-июнда нөшөрлөп жааган жаандан беш дарыядан суу ташкындаган.

Орусиянын Иркутск облусунда чукул кырдаалдар боюнча кызматтар дагы сегиз адам изделип жатканын кабарлашты. 8-июлда эки адам аман-эсен табылганы белгилүү болду.

Иркутскиде 25-июнда башталган нөшөрдөн улам беш чоң дарыядан суу ташкындаган. Суу жүзгө жакын калктуу конушту каптап, 3,5 миң турак жай жараксыз болуп калды. Табыгый кырсыктын айынан 33 миң адам үйүнөн ажырады. Жүздөгөн адамдар ооруканага түштү. Баштапкы маалыматтарга караганда, зыяндын көлөмү 29 миллиард рублга бааланып жатат.

XS
SM
MD
LG