Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:48

Жээнбеков: Бүтүрүүчүнүн 38% өтпөй калды, бирок элеттен чыккан мыктылар көбөйүүдө


«Алтын сертификат» тапшыруу аземи. 8-июль, 2019-жыл.
«Алтын сертификат» тапшыруу аземи. 8-июль, 2019-жыл.

Кыргызстанда быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн 38 пайызы жогорку окуу жайына өтүүгө зарыл босогодон өтпөй калышты. Бул тууралуу мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн мыкты бүтүрүүчүлөргө «Алтын сертификат» тапшыруу аземинде билдирди.

Бирок президент быйылкы жалпы республикалык тестирлөөдө «Алтын сертификат» жана эң жогорку балл алгандардын 57 пайызы аймактарда окуган улан-кыздар экенин «канааттануу менен белгилей турганын» айтты:

- Ошол эле учурда өлкөбүздүн билим берүү системасын каржылоо деңгээли ички дүң өнүмдүн 6 пайызын түздү. Бул прогрессивдүү билим берүү системасы бар Финляндия, Малайзия, Франция, Эстония мамлекеттеринин деңгээлинде.

Президент жаштардын татыктуу билим алышына, эмгектенишине шарт түзүү бийлик үчүн негизги багыттардын бири экенин айтты. Ал тестирлөөгө катышкандардын орточо баллы туруктуу өсүү тенденциясына ээ болуп жатканын кошумчалады.

Быйыл «Алтын сертификатка» 52 бүтүрүүчү татыктуу болду. Алардын 19у аймактардан келгендер. (RK)

XS
SM
MD
LG