Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:19

Баткен прокурорунун өлүмү боюнча сот уланууда


Сот залынан тартылган сүрөт. 9-июль, 2019-жыл.
Сот залынан тартылган сүрөт. 9-июль, 2019-жыл.

Ошто Баткен прокурорунун өлүмү боюнча сот уланып жатат. Бүгүнкү отурумда айыпталуучу Мелис Калыковдун жактоочусу Сартбай Жайчибеков төрага Жолборс Кудаяровго ишенбестик көрсөттү. Бирок анын өтүнүчүн сотко төрагалык кылуучу канааттандырган жок.

Ошондой эле бүгүн Баткен облустук прокуратурасынын кызматкери Бийкелди Акматов көрсөтмө берди. Ал окуя болгон күнү Мамажакыповдун сөөгүн издөөгө катышкан. Акматов ошол күнү мергенчиликтен кайткан прокурорлор менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жана Мелис Калыковдун үйүнө барганын да айтты.

Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 2018-жылы 18-ноябрда Баткенде тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында. (MdN)

XS
SM
MD
LG