Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка барган жок. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна анын өкүлдөрү кабарлашты.
Ал эми министрликтин басма сөз кызматы бул тууралуу маалыматы жок экенин билдирүүдө:
- Тергөө кызматы бизге азырынча эч кандай кагаз берген жок. Болгон маалыматтын баары сайтыбызда турат, - деди ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова.
Милиция кызматкерлери чакырууну Атамбаевге 8-июлда Кой-Таш айылындагы үйүнө жеткирип беришкен. Чакыруу баргандан кийин Атамбаев үйүнүн алдында турган тарапкерлерине чыгып, журналисттердин суроолоруна жооп берген. Суракка баруу ниети жок экенин айткан.
ИИМдин Тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу быйыл кайра карала баштаган кылмыш ишин иликтеп жатат.
27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди экс-президенттик жана кол тийбестик макамынан ажыраткан. Ага чейин, 25-июнда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте Атамбаев 2013-жылы Батукаевди бошотуу боюнча жеке өзү тапшырма бергенин билдирген. Мурдагы президент жана анын тарапкерлери муну «көө жабуу» аракети катары сыпатташкан. (RK)