Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Өзбекстан: Жогорку сот абакта 23 жыл отурган Самандар Кукановду актаган жок


Самандар Куканов.
Самандар Куканов.

10-июлда Өзбекстандын Жогорку сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясы Өзбекстандын тарыхында абакта эң узак – 23 жыл отуруп чыккан саясий туткун Самандар Кукановдун аны актап, толук реабилитация кылуу боюнча берген өтүнүчүн канааттандырган жок.

Кукановдун ишин караган соттук коллегия ага чыгарылган буга чейинки сот өкүмдөрүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу «Азаттыктын» өзбек кызматына Куканов өзү билдирди.

Анын айтымында, 10-июлда сот «Кукановго коюлган айыптардын баары далилденген, ошон үчүн аны актоого болбойт» деген токтом чыгарган.

Мурдагы парламент депутаты 1993-жылы мамлекеттин каражатын максатсыз пайдаланган деген айып менен камакка алынган. Ал 1994-жылы 20 жылга соттолуп, кийин абак мөөнөтү узартылган. 75 жаштагы Куканов өзү бул иш маркум президент Ислам Каримовдун буйругу менен токулган деп эсептейт.

Борбор Азиядагы калкы эң көп, 32 миллион киши жашаган Өзбекстанды 25 жыл башкарган Ислам Каримов 2016-жылы көз жумган. Каримовдун ордуна келген Шавкат Мирзиёев көптөгөн саясий туткунду абактан бошоткон. Анын ичинде оппозициялык саясатчы Самандар Куканов эркиндикке чыккан.

XS
SM
MD
LG