Казакстандын Нур-Султан шаарында жашаган, ушул учурда Алматыда тергөө абагында отурган Канат Турдалиев менен Ануар Данияров 10-июлдан бери ачкачылык кармап жатышат. Аларга 6-июлдагы Нур-Султан шаарынын жана биринчи президент Нурсултан Назарбаевдин туулган күнүндөгү «мыйзамсыз митингге катышты» деген айып коюлган жана сот аларды 10 күнгө эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган.
Активисттердин адвокаты Ермурат Муканов 11-июлда «Азаттыктын» казак кызматына кармалгандар сот чечимине нааразы болуп ушундай кадамга барышканын билдирди.
Активисттердин айрым санаалаштары тилектештигин биллдирип абактын ооозуна топтолуп жатат.
Казакстанда соңку күндөрү нараазалык акциялары күчөдү. Президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы болгон жарандар көчөгө чыккан, ондогон адам камакка алынган.
Бир катар эл аралык уюмдар казак бийлигин тынч жыйындарга чыккандарга күч колдонбоого, жарандардын эркин жыйналуу укугун сыйлоого чакырышкан.